Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

АКШ европалык алты өлкөнүн Ирактагы жардамын баалады


Президент Жорж Буш өз жардыгы менен Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Словакия жана Словенияга карата аскерий жардам көрсөтүүдөгү чектөөлөрдү алып салды. Мындай чектөөлөр июль айында аталган алты өлкө Американын жарандарын Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп бербөө жөнүндөгү келишимге кол коюудан баш тартканда киргизилген болчу. Вашингтон америкалык жарандар саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн деп чочулайт. Бирок, кечээ Жорж Буш бул алты өлкө АКШнын Ирактагы аракеттерине көрсөткөн жардамы үчүн Вашингтондун ар тараптуу колдоосуна ээ болушу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG