Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

АКШда мындан туура 40 жыл мурун киши колдуу болуп өлгөн экс-президент Жон Кеннедини эскерүү каадасы өттү


Аны ачкан сөзүндө АКШнын лидери Жорж Буш мурдагы президент Кеннеди элди бийик максаттарга үндөгөн жетекчи болгонун белгиледи. 1963-жылдын 22-ноябрында Техас штатындагы Даллас шаарында үстү ачык машинеде бараткан жеринен Жон Кеннеди жакынкы имараттан таамай атылган 3 ок тийип, жарым сааттан кийин жан берген. Аны өлтүрдү деген шек боюнча отставкадагы аскер Ли Харвей Освальд кармалып, эки күндөн кийин башка түрмөгө которулуп бараткан жеринен качып кетип, ал да жергиликтүү бизнесмендин колунан өлүм тапкан. АКШнын ал кездеги Жогорку соту Ли Харвей Освальд 1959-жылы экс-Советтер Союзунун кызыкчылыгына чыккынчылык кылып кеткен, орусиялык кызга үйлөнгөн соң Америкага кайтып келген, Жон Кеннедини ал өз алдынча өлтүргөн деген бүтүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG