Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Баткен облусунда Кыргызстандын чегара коопсуздугу боюнча семинар өттү


БАТКЕН. «Аймактык изилдөө институту» уюштурган бул семинарга облусттук ички иштер башкармалыгынын, бажы кызматынын, кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана жер ресурстары боюнча аймактык борбордун жетекчилери, улуттук коопсуздук, чегара кызматтарынын, чегара аймактарында иш жүргүзгөн бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Семинарда чегара аймактарындагы улуттар аралык чыр-чатактар негизинен жер, суу талаштарынан чыгаары, кошуна өлкөлөр менен чегараларды делимитациялоо аяктап, демаркациялоо иштери башталар алдында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги белгиленди. Жыйындын катышуучуларынын пикири боюнча, карапайым калктын көпчүлүгү өз укуктарын жакшы билбейт, бул болсо кошуна өлкөлөрдүн бажы жана чегара бекеттеринен өтүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири.

XS
SM
MD
LG