БИШКЕК. 23-24-ноябрда вице премьер министр Жоомарт Оторбаев Вьетнамда иш сапары менен болот. Ханойдо Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын донорлор менен иштөө боюнча Вьетнамдагы өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуп, тажрыйба алмашат. 21-ноябрдан бери Жоомарт Оторбаев Филиппинде Азия өнүктүрүү банкынын жаңы долбоорлоруна байланыштуу талкууга катышууда. Кыргызстандын инвестиция тартуу боюнча катчылыгынын маалыматы боюнча, Манилада болгон учурунда Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын Юсуф Анвар, Йозеф Айхенбергер өңдүү өкүлдөрү жана аталган банктын президенти Тадао Чино менен жолугушаары белгиленген.