Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

БУУнун миссиясы ишин аяктады


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Шайлоо системасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү боюнча атайын миссиясынын Кыргызстанга жасаган бир апталык сапары бүгүн аяктады. Кечээ Бланка Антонини айымды президент Аскар Акаев кабыл алды. Миссия башчысы жолугушууда Бириккен Улуттар Уюму Борбордук шайлоо комиссиясын бекемдөө максатын көздөөрүн билдирди. Президент өз сөзүндө шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сунуштары менен чет өлкөлүк көптөгөн уюмдар кайрылышаарын белгилеп, алардын ичинен Кыргызстан БУУ менен кызматташууга артыкчылык берерин айтты. Бир апта ичинде Бланка Антонини айым Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана саясий партиялардын, коомдук уюмдардын лидерлери менен жолугушту. Алардын жүрүшүндө шайлоо системасын жакшыртуунун жолдоруна байланыштуу пикир алмашуулар болду.

XS
SM
MD
LG