Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Ф.Куловду колдоо боюнча акция өтөт


БИШКЕК. Учурда түрмөдө жаткан «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду бошотуу талабы менен келаткан аптада Өкмөт үйүнүн алдына укук коргоочу аялдардын нааразылык акциясы өтөт. Мындай иш-чара Төлөкан Исмаилова жетектеген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулууда. «Акциянын башкы максаты Ф. Куловдун мыйзамсыз камакка алынганына Кыргызстандын жогорку бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу буруу» деп маалымдады Төлөйкан Исмаилова. Анын айтымына караганда, 29-30-ноябрь күндөрү Бишкекте Феликс Куловду боштондукка чыгарууга арналган «коомдук угуу» өткөрүлөт. Ага республиканын жер-жерлеринен келген атуулдар, саясий партиялардын, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG