Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага байланыштуу Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусу менен салтанаттуу жыйын өттү. Анда мамлекет башчысы прокуратура системасы учурда атуулдардын жеке коопсуздугун, мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын жана эркиндиктерин коргой турган күчкө айланганын белгиледи.
Прокуратуранын териштирүүлөрүнүн негизинде быйыл бюджеттен уурдалган каражаттардын 27,7 млн. сому мамлекетке кайтарылган. Өткөн айда болсо жылуулук жана электр энергиясы боюнча аласанын 70 млн. сому өндүрүлдү. Бул фактылар боюнча прокуратура 80 кылмыш ишин козгоду. Өз укуктарын коргоп берүүнү суранып жыл башынан бери 10 миң адам прокуратура органдарына кайрылып, алардын үчтөн биринин арызынын тууралыгы аныкталган. Ушул жана башка жагдайларга токтолгон президент Аскар Акаев тармак кызматкерлерин террорчулук, экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга тыкыр мамиле жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG