Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:18

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы акция өтмөк болду


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы акциялар башталат. 10-декабрга чейин созула турган бул акциянын алкагында республика боюнча жер-жерлерде аялдардын бүгүнкү абалына байланыштуу семинарлар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн аялдардын «Сезим» аттуу кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова «Азаттыкка» маалымдады. 27-ноябрда Бишкекте аялдардын бейөкмөт уюмдары журналисттер үчүн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча семинарларды уюштурушат. Ал эми 6-7-декабрь күндөрү Бишкектеги Кыргыз драма театрында кыргыз аялынын трагедиялуу турмушуна арналган спектакль коюлуп, эстрада ырчыларынын концерти тартууланат. Андан түшкөн каражаттар Кыргызстандагы Жабыр тарткан аялдарга жардам берүү фондуна которулат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы эл аралык акция дүйнөдө 13 жылдан бери өткөрүлүп келатат. Кыргызстанда болсо мындай акция «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен 1999-жылдан бери уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG