Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Алматыда Борбор Азия өлкөлөрүнүн курсанттарынын катышуусу менен аскердик мелдеш башталды


БИШКЕК. Бүгүн Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жогорку аскер окуу жайларынын курсанттарынын согуштун мыйзамдары жана салттары боюнча мелдеши башталды. «Ал-Фараби-1» деп аталган бул мелдештин программасына эл аралык гуманитардык укук, аскердик чыр-чатактар учурунда аскердик чеберчиликти көрсөтүү, талаа шарттарында, согуш учурунда жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүү жана башка багыттар боюнча мелдештер киргизилген. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттары катышууда. Мындай иш-чара эл аралык Кызыл чырым коому тарабынан өткөрүлүүдө. Алматыдагы мелдеш 29-ноябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG