Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Мурдакы аскерде кызмат өтөгөндөр өкмөтткө талап коюшту


Бүгүн Ооганстандын Коргоо министрлигинин жанына мурдакы ооган аскерлигинде кызмат өтөгөн миңге чукул адам чогулуп. Ооган өкмөтүнөн кечиктирилген маяналарын төлөп берүүсүн талап кылышты. Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Захир Азминин билдиришинче, нааразылык билдирген миңге чукул демонстранттардын арасынан 200гө жакыны министрликтин эшик-терезесин талкалап кирүүгө аракеттенишип, тапанчадан ок атышкан. Алардын мындай бейадеп аракетине каршы Коргоо министрлигинин күзөтүндөгү жоокерлер жооп иретинде куралдан ок чыгарган. Жыйынтыгында демонстранттардан үчөө жеңил , бирөө оор жараат алды. Захир Азминин айтымында, өлкөдөгү оор каржылык кырдаалдан улам миңдеген өкмөттүк кызматчылар да бир нече айдан бери эмгек маяналарын алыша элек.


Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG