Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Грузиянын президенти Эдуард Шеверднадзе кызматынан кетти


Грузиянын президенти Эдуард Шеверднадзе бүгүн кечке маал ээлеген кызматынан чегинди. Жергиликтүү мамлекеттик телевидение аркылуу Шеверднадзе ээлеген кызмтынан кетүүнү тастыктаган документке кол койгондугун билдирди. Грузиянын экс-президенти оппозиция тарабындагылар менен тирешүүдө бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөшү үчүн ушундай кадамга баргандыгын маалымдады.
Грузиянын убактылуу президенти болуп мурдакы парламенттин спикери Нино Буржунадзе дайындалды. 45 күндөн кийин президенттик шайлоо өткөрүлүшү күтүлүүдө.
2-ноябрдагы Грузияда өткөн парламенттик шайлоодон соң, оппозиция бийликти добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаганы үчүн айыптап, экс-президент Э.Шеварнадзенин отставкасын талап кылган.

XS
SM
MD
LG