Пакистандын премьер-министри Зафарулла Жамали Пакистан менен Индия ортосундагы талаштуу Кашмир штатын бойлой кеткен Контролдук тилкеде ок атуулар бир тараптуу токтотулганын жекшемби күнү жарыя кылды.
Жамали Индияны бул демилгеге оң жооп берүүгө чакырды.
Индия Пакистанды Кашмирди Индиядан бөлүп кетүүнү көздөгөн мусулман адаватчыларын каржылайт, аларды каруу жарак менен камсыздайт жана аскерий өнөргө үйрөтөт деп күнөөлөп келет.
Премьер-министр Жамалинин сөзүнчө, Пакистан эки өлкө арасындагы аба, темир жол жана автожол каттамдарын кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу