Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссары Евробиримдиктин качкындарга карата саясатын сындады


БУУнун жогорку комиссары Руд Лубберс Европа Биримдиги пландаштырып жаткан саясий башпаана берүү жөнүндөгү жалпы мыйзам долбоорун сынга алды. Анын пикиринде, Европа Биримдигинин ички иштер министрлери ушул бейшембиде Брюсселде талкуулаганы жаткан жалпы мыйзам долбоор Европада саясий качкындарга карата мамилени жакшыртууга жардам бербейт. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Италиянын премьери Сильвио Берлусконинин наамына жазылган катында Улуттар Уюмунун атайын өкүлү аталган мыйзам долбоор эл аралык стандарттарга жооп бербээрине басым жасап, орток мыйзам долбоордогу качкындарды чек арада текшерүүнү жөнөкөйлөштүрүү, алардын арыздары каралып бүтмөйүнчө саясий башпаана издеген өлкөдө кала берүү укугун сактап калуу зарыл экенине көңүл бурган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG