Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

АКШлык укук коргоо уюму өзбек бийликтерине нааразы


Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан адам укуктарын коргоочу Freedom House уюму Өзбекстандагы кызматкерлерине өзбек өкмөтү тарабынан кысым жасалып, ишине тоскоолдук көрсөтүлүп жатат деп айыптады. Эл аралык уюмдун өкүлү Женифер Виндзор Өзбекстандын бийликтерин аларды коркутуу кампаниясын токтотууга үндөдү. Видзор айым тараткан билдирүүдө өткөн аптада Намангандын бийликтери Freedom House уюму жергиликтүү укук коргоочулар үчүн уюштурган семинарды өткөрттүрбөй койгону, эл аралык уюмдун өкүлдөрү Өзбекстанда коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүнө алынып, жергиликтүү активисттер бийликтин куугунтугуна кабылып келатканы баяндалган.

XS
SM
MD
LG