Хорватиянын шайлоо комиссиясы добуштардын 96%ын эсептеп бүткөндөн соң, кечээки парламенттик шайлоодо оппозициячыл улутчул кыймыл жеңгенин жарыялады. Комиссия жаңы парламентте улутчул кыймыл саналган Хорватиянын Демократиялык биримдик партиясы 140 депутаттык мандаттын 73үн ээлеши мүмкүн деп билдирди. Премьер-министр Ивица Рачандын социал-демократтары 64 орунду ээлеши ыктымал. Улутчул Демократиялык биримдиктин лидери Ива Санадер жеңишин белгилеп, алдыдагы максаттарын жарыялады. "Биздин тышкы саясатыбыздын башкы багыттары – Европа Биримдиги менен НАТОго кошулуу жана коңшулар менен талаштуу маселелерди чечип, алар менен алакаларды жакшыртуу", - деди Санадер.