Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Орус президентин Э.Шеварднадзе оппозициянын күч колдонуу тууралуу кысымынан улам кызматынан кеткени тынчсыздандырат


Бүгүн Москвада өткөн өкмөт жыйынында В. Путин Шеварднадзени отставкага кетүүгө аргасыз кылган адамдар грузин эли алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек деп белгиледи. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Грузияда кырдаал турукташаарына үмүтүн билдирди. "Өзүңүздөр билгендей, Грузияда 500 миңдей азербайжандар жашашат, биз алардын тагдырына кайдыгер боло албайбыз. Ошондуктан биз Грузиядагы абал тез арада турукташып, элге зыянын тийгизбейт деп үмүт кылабыз", - деди Азербайжандын президенти. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Грузияда 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо өлкөдөгү эркиндикти чектеп, демократиялык таңсыктыкты пайда кылганына басым жасап, Шеварднадзенин отставкага кеткенин туура жана жоопкерчиликтүү кадам катары баалады. Европа Биримдиги Грузиядагы окуялар кан төгүүсүз аяктаганын кубаттап, бардык тараптарды мындан ары да күч колдонуудан карманууга үндөдү. АКШнын мамлекеттик департаменти Грузиянын утурумдук президенти Нино Буржанадзеге эркин жана калыс шайлоо өткөрүүдө колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG