Президент Эдуард Шеварднадзени кечээ отставкага кетүүгө аргасыз кылган нааразылык акцияларынын башкы уюштуруучусу, грузин оппозициясынын лидери Михаил Саакашвили президенттик шайлоого катышаарын жарыя кылды. Бул тууралуу анын басма сөз өкүлү билдирди. Шеварднадзе 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодон бери токтобой келаткан нааразылык акциялары күчөп отуруп, оппозициянын тарапкерлери президенттин кеңсесине чабуул коерун эскерткенден кийин кан төгүүнү каалабарын айтып, кечээ отставкага кеткен болчу. Убактылуу президент, мурдагы парламенттин спикери Нино Буржанадзе алдыдагы 45 күн ичинде жаңы шайлоонун датасы белгилүү болорун билдирди. "Грузиянын конституциясына ылайык, президенттин милдеттери 1999-жылы шайланган парламенттин төрагасы катары мага өттү. Эми президенттик шайлоо баш мыйзамда жазылган мөөнөт ичинде жарыяланат", - деди Грузиянын утурумдук президенти Буржанадзе. Айрым маалымат каражаттары Эдуард Шеварднадзе ага саясий башпаана сунуш кылган Германияга учуп барды деп кабарлап жиберишкен, бирок немис чек арачылары бул маалыматты төгүндөштү.
Грузиянын оппозиция лидери Михаил Саакашвили президенттик шайлоого талапкерлигин коёорун жарыялады