Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Жазуучу Жунай Мавлянов каза болду


БИШКЕК. Кечээ кечинде кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов автокырсыктан каза болду. Быйыл 80 жашка келген жазуучу эмгек жолун Аксы районундагы Таштөбө айылындагы орто мектепте баштап, аны көп жылдар бою жетектеген. Андан кийин «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргызстан жазуучулар кошунунун катчысы, төрагасы болуп иштеген. Улуу Атамекендик Согушка катышкан жазуучу кыргыз окурмандарына «Нан», «Жалгыз бутактуу арча» аттуу мыкты аңгемелерин, «Ачык асман» «Бийиктик», «Турмуш», «Кайрымсыз жылдар» аттуу роман, повесттерин тартуулаган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG