Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Өкмөт соода контейнерлеринде кассалык аппараттарды орнотууну караштырууда


БИШКЕК. Ѳлкөнүн базарларындагы соода контейнерлеринде көзөмөлдүк-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча чечимдин долбоорун 2004-жылдын 1-январына чейин иштеп чыгууну өкмөт Финансы министрлигине тапшырды. Министрлик эми кызыккан тараптар менен биргелешип, ушундай чечимдин долбоорун иштеп чыгууга тийиш. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кассалык аппараттарды –30 градустан + 45 градуска чейинки шартта орнотуу жагы такталууга тийиш. Быйыл сентябрда өкмөттүн Бишкектин базарларында кассалык аппараттарды орнотуу аракети соодагерлерди нааразы кылып, алар иш таштоого чейин барышкан эле.

XS
SM
MD
LG