БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар укук коргоочу уюмдар Феликс Куловду бошотууну талап кылып, президентке кайрылуу жолдогон жатышат. Бул туурасында бүгүн «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев кабарлады. Анын маалыматына караганда, кайрылуу жолдогонго олуттуу үч негиз бар. Алар – Ф. Куловдун эгемендүү Кыргызстанды калыптандырууга кошкон зор салымы, бойго жете элек кызынын АКШда жүргөнү, Ф. Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясынын мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген аракеттерге барбагандыгы жана Куловдун өзүнүн коомго коркунучтуу эместиги. Ушундай негиздер менен кайрылуу жолдоону көздөгөн укук коргоочулар азыр Куловду бошотууну жактаган адамдардын колун да чогултуп жатышат. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, мындай аракеттер 10-декабрга – Адам укуктарын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлмөкчү.