Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Грузиядагы окуялар Кыргызстанда ар кандай бааланууда


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Грузиядагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратты. Анда «Кыргызстан Грузиядагы бардык саясий күчтөр өлкөдө туруктуулукту бузуучу аракеттерге барбай, коомдук-саясий процесстердин конституциялык нукта гана өнүгүшүн камсыз кылаарына үмүттөнөт. Ар бир кызыкдар тарап Грузияда жакында боло турган шайлоонун тынч өтүшүнө жана мамлекеттин бүтүндүгү менен элдин бейпилдигине кам көрөт деп ишенет» деп айтылат. Бул күнү «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын алты мүчөсү Грузиянын президентинин милдетин аткарууну өзүнө алган Нино Буржанадзеге куттуктоо катын жөнөтүштү. Катта алар «КМШдагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп диктатордук режимди кулаткан бул тарыхый окуя КМШдагы башка мамлекеттерде да демократиянын жеңишине зор таасир тийгизээрин» билдиришти. Ушундай эле маанидеги катты «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев грузин оппозициясынын лидерлеринин бири Михаил Саакашвилиге жолдоп, «кансыз төңкөрүш» Кыргызстандагы демократтарды шыктандыраарын кабарлады.
«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин бүгүн билдиргенине караганда, Грузиядагыдай кырдаал Кыргызстанда да 2000-жылы шайлоо учурунда болгон. Бирок кыргызстандык оппозиционерлер шайлоодо жеңишке жетишкенине карабай, ал кезде депутаттык мандатынан ажыратылган. «Ал эми грузин калкынын саясий жактан такшалгандыгы жана президент Эдуард Шеварднадзенин саясий көрөгөчтүгү Тбилисиде бийликтин алмашуусуна алып келди», - деп билдирди Эмил Алиев.

XS
SM
MD
LG