Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

МАГАТЭнин сунушу боюнча мунаса табылды


Соңку келген маалыматтарга караганда, Британия, Франция жана Германия Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө БУУнун атомдук агенттиги-МАГАТЭ даярдаган резолюциянын долбоору боюнча АКШ менен жалпы пикирге келишкен.
Эгерде Ирандын өзөктүк куралдардын үстүнөн жашыруун иштегенин же өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди бузаганын тастыктаган далилдер табылса, БУУнун Коопсуздук Кеңеши токтоосуз чара көрөт деп белгиленет долбоордо.
Бул долбоор МАГАТЭнин шаршемби күнү Венада өтчү башкаруучу кеңешинде колго салынат.
МАГАТЭнин акыркы докладында, Иран өткөн 18 айда өзөктүк программанын үстүнөн жашыруун иштеген, бирок, өлкөдө атомдук куралдарды өнүктүрүү программасы бар экенин ырастаган далилдер жок деп айтылган.

XS
SM
MD
LG