Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Евробиримдик Грузияда бийликтин кан төгүүсүз алмашканын оң баалады


Грузия президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе айым дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, конституцияга ылайык, президенттик шайлоо 45 күндүн ичинде өткөрүлөт.
Европа биримдиги эч кан төгүлбөстөн Эдуард Шеварднадзенин бийликтен кетирилгенин оң баалады деп маалымдады Еврокомиссиянын өкүлү Диего де Охеда:

- Биз Грузиядагы кризистин же жараяндын диалог аркылуу чечилгенине кубанычтабыз жана бардык тараптарды зобун-зордукка жол бербей, кырдаалды азыркыдай кармоого үндөйбүз. Бул өтө маанилүү. Грузиядагы бардык саясый партиялар жаңы шайлоонун шарты жана мөөнөтү боюнча мунасага келет деген ишеничтебиз.

Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнчө, “Грузиядагы бийликтин күчкө салып алмашканы” орус бийликтерин бир аз кыжаалат кылган.
КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери шейшемби күнү Киевде өтчү кезексиз жыйынында Грузиядагы кырдаалды талкуулашат.
Оппозициянын лидери Михаил Саакашвили президенттик шайлоого катышаарын кечээ жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG