Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Баткендеги «Салам» радиосу өз алдынча иш жүргүзө баштады


БАТКЕН. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, облустагы «Салам» радиосу жоопкерчилиги чектелген коом катар катталып, өз алдынча иш жүргүзө баштады. Муну менен радио коммерциялык иштерди жүргүзүү аркылуу өзүн-өзү каржылоого жана эл аралык уюмдар менен өнөктөшүп иштегенге мүмкүнчүлүк алды. «Салам» радиосу 2001-жылдын башында жогоруда аты аталган коомдук фонд менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биргелешкен долбоору катары иштей баштаган. Аймактагы маалыматтын тартыштыгын толтуруу жана жаштардын билимин өнүктүрүү багытында иш жүргүзгөн бул радио ошондон бери суткасына 18 саат обого чыгууда. Радионун уктуруу алкагы 24 чакырым аралыкты камтыгандыктан, азыр аны кеңейтүүгө аракеттер көрүлүүдө.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG