Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Жалалабад облусунда мунай кенин табууга кытайлык компания аракеттене баштады


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустук акимчиликтен алынган маалыматка караганда, «Кыргызнефтегаз» акционердик коому менен келишим түзгөн кытайлык «Фурааттек» аттуу компания Майлысуунун тегерегинен жана Баткен районунан мунай издөөдө. Мунай табуу чыгымын компания өз мойнуна алды. Чыгымы акталгандан кийин кирешенин жарымы Кыргызстанда калат. 2 жылда 10 миң тонна мунай өндүрүү менен 27 млн. доллар инвестиция тартууну көздөгөн «Аньбанк» компаниясы 70 скважинаны бургулоону пландаштырып, 7 скважинаны оңдоду. Мунай кендерине чалгын салууга адистешкен бул компания кошумча түрдө 200 адисти Кытайдан алдырганы турат.

XS
SM
MD
LG