Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстан маалымат технологиялары боюнча 118-орунду ээледи


БИШКЕК. Эл аралык телекоммуникациялык биримдик маалымат технологияларын өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингдин алгачкы жыйынтыгын жарыя кылды. Анда Кыргызстан 118-орунду ээледи. Рейтинг 5 негизги чен-өлчөм менен бааланды. Алар - телефон тармактары менен мобилдик телефон пайдалануучулардын саны, телекоммуникациялык кызматтан элдин пайдалануусу, элдин билимдүүлүгү, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана Интернет байланышынын таралышы. Бул чен-өлчөмдөрдүн баары абдан жакшы өздөштүрүлгөн алдыңкы 5 мамлекеттин катарына Швеция, Дания, Түштүк Корея, Исландия жана Норвегия кирди. Эң начар өздөштүрүлгөн мамлекеттердин катарын Мали, Буркина-Фасо жана Нигерия түздү. Маалымат технологиялары мыкты өнүккөн өлкө катары эсептелчү АКШ 11-чи, Жапония 15-чи, ал эми мурдагы советтик республикалардын ичинен Эстония 29-орунду ээледи.

XS
SM
MD
LG