Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиясы Астанада жыйын өткөрмөк болду

БИШКЕК. Декабрдын башында Астанада экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиясынын үчүнчү отуруму болот. Анда негизинен эки мамлекеттин экономикалык карым-катышына, транспорт каттамдарына байланыштуу маселелер каралат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин адиси Чыңгыз Эгембердиев билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, комиссиянын кыргыз делегациясын биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жетектейт.
XS
SM
MD
LG