БИШКЕК. Кыргызстандын Орусияга карызы 177 млн. 117 миң долларды түзөт. Мындай маалыматты Орусиянын маалымат каражаттары бул өлкөнүн Финансы министрлигине шилтеме берип жарыялашкан. Орусиянын Финансы министрлиги 2004-жылдын бюджетин Мамлекеттик Дума кабыл алаарда КМШ мамлекеттеринин Орусияга карызы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Ал маалымат боюнча, Орусияга Тажикстан 305 млн. доллар, Өзбекстан 640 млн. доллар, Украина 1 млрд. 779 млн. доллар, ал эми Грузия 159 млн. долларга жакын карыз. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен бүгүн улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты.