Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Кыргызстандын коргоо министри Кытайдан келди


БИШКЕК. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоевдин Кытай Эл Республикасындагы расмий иш сапары бүгүн соңуна чыгып, ал Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, 18-ноябрдан бери Кытайда жүргөн Эсен Топоев бул өлкөнүн коргоо министри Цао Ганчуан менен жолугушуп, эки тараптуу жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагындагы көп тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Андан тышкары, Кытай тараптын Кыргызстанга аскердик мүлк түрүндө кайтарымсыз жардам бериши тууралуу макулдашууга кол коюлду.

XS
SM
MD
LG