БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда Франциянын Коргоо министрлигинин делегациясы жүрөт. Аны министрликтин евроатлантикалык региондо кызматташуу башкармасынын башчысы Андре Вар жетектөөдө. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, делегация Кыргызстан менен Франциянын 2004-жылдагы аскердик кызматташтыгынын багыттарын аныктоо жана Борбор Азия регионундагы аскердик-саясий кырдаал тууралуу маалымат алыш үчүн келди. Кыргызстан менен Франциянын коргоо министрликтеринин ортосундагы аскердик кызматташуу тууралуу эки тараптуу планга былтыр кол коюлган.