Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Президент А. Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин алдына жаңы милдеттерди койду


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда А.Акаев бул коомдук кеңеш Демократиялык кодексти түзүп, ал Кыргыздардын дүйнөлүк II курултайында кабыл алынган соң өз милдетинин биринчи бөлүгүн аткарганын билдирди. А.Акаевдин айтымында, кеңеш эмки баскычта адам укуктарын коргоп, урматтоо боюнча Кыргызстанда коомдук аң-сезимди калыптандырып, өзүн эл аралык деңгээлде таанытууга милдеттүү. Кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимовдун пикирине караганда, ал үчүн кеңеш эл арасында адам укуктары боюнча семинарларды өткөрүп, сыналгыда туруктуу программаларды уюштурушу керек. Мындан тышкары, М. Миррахимов бул кеңеш «Демократия жана турмуш» аттуу атайын бюллетенди уюштурушу жана демократияга үйрөтүүчү атайын окуу жайын түзүшү зарыл деп эсептейт. Мамлекет башчысынын баамында, бул кеңеш - Грузиядагыдай кырдаалдын алдын алууга көмөктөшүүчү мыкты коомдук уюм.

XS
SM
MD
LG