БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленди. Бул күнү Бишкектеги өкмөттүк эски аянтта он миңдеген мусулмандардын катышуусу менен айт намазы окулду. Намаздын алдында аянтка чогулгандарды мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, башкалаанын мэри Медетбек Керимкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Орозо айт майрамы менен куттукташты. Андан кийин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажынын жетекчилигинде намаз окулду. Ушул сыяктуу майрамдык иш-чаралар бүгүн өлкөнүн облустарында да болду.