Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Испан тышкы иштер министри Ирактагы абалды оор катары баалады


Испаниянын тышкы иштер министри Ана Паласио Ирактагы коопсуздук жагдайын өтө оор катары сыпаттады. Багдаддагы жашоо Саддам маалындагыга салыштырмалуу начар деди министр.
Мындай билдирүүнү Паласио бүгүн Испаниянын мамлекеттик сыналгысы аркылуу жасады.
Кечээ өлкөнүн өкмөт башчысы Хосе Мария Аснар Иракта кетирилген айрым катачылыктар согуштан кийинки өлкөдөгү кыйынчылыктарга коалиция тарабынан адекваттуу баа берилбегендиктен улам болду деп айтты.
Ошону менен бирге премьер анын өлкөсү Ирак согушуна катышкандыгы үчүн өкүнбөй турганын, испаниялык аскерлер ал жерде кала берээрин белгиледи. Испан падышалыгы Иракка 1миң 300 жоокерин жиберген.

XS
SM
MD
LG