Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Жапония Ирактагы пландарынан баш тарткан жок


Бүгүн Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми Иракка аскер жиберүү планынан баш тартпаганын ырастады. Парламенттик сессияда сүйлөгөн сөзүндө премьер Жапония террористтердин коркутуп-үркүтүүлөрүнө моюн сунбай, Иракта демократия менен коопсуздукту орнотуу жаатында кызматташууга тийиш деди.
Токио жыл аягына чейин согуштук операцияларга катышпай турган курамына 150 киши кирген атайын бөлүктөрдү жана бир миң жоокер менен граждандык кызматкерлерин Иракка жиберет деп пландаштырылган эле. Бирок соңку айларда кескин курчуп кеткен коопсуздук жагдайынан улам, бул жараян кийинкиге калтырылган.
Коидзуми аскерлерди жиберүүдөн алдын, Ирактагы кырдаал жакшылап иликтенет деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG