Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Эртең Венада Ирандын өзөктүк долбоору каралат


Айрым маалыматтарга караганда, Британия, Франция жана Германия Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик даярдап жаткан резолюция долбоору боюнча АКШ менен өз ара пикир келишпестиктерин жөнгө салышты.
Эртең Венада курамына 35 өлкө кирген мекеменин жетекчилик органы Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы резолюция долбоорун талкуулайт деп күтүлүүдө.
Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, компромисстүү резолюцияда Иран Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай келгендиги үчүн сындалат. Ошондой учурлар келечекте кайталанса, анда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы олуттуу чара көрүшү мүмкүн экендиги кыйыр туюндурулат.
Жакында Улуттар Уюмунун атомдук мекемеси Иран 18 жыл бою өзөктүк иш-чараларды жүргүзгөнүн аныктаган. Ошол эле учурда Тегеран өзөктүк курал чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат дешке далилдер жок болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG