Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Грузин парламенти президенттик шайлоонун датасын аныктады


Грузин парламенти президенттик шайлоо эмки январдын 4үндө өтөт деп бир добуштан чечти. Ага чейин өлкөнүн Жогорку соту 2-ноябр күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын бир бөлүгүн жокко чыгарган эле.
Эртең менен болсо Грузиянын дагы бир министри кызматынан чегинди. Мамлекеттик министр Автандил Жорбенадзе, кечээ кабинеттен кеткен ички иштер министри Коба Нарчемашвили сыңары эле, мурунку президент Шеварднадзенин жакын шериктеринен болчу.
Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында грузин президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе өлкөнүн начар экономикалык абалы үчүн Жорбенадзени күнөөлөгөн эле. Ал радикалдуу чаралар көрүлбөсө экономика кыйроого учурашы мүмкүн деп айтты:

Мамлекеттик бюджетте бир да тыйын жок. Биз пенсия, маяналарды төлөй албайбыз. Армия, милиция үчүн каражатыбыз жок. Бул жагдайда бар болгон ресурстарыбызды мобилизациялап, албетте, эл аралык коомчулуктан жардам сурайбыз.

Утурумдук президент ошондой эле мамлекеттик министрди соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого катышкандыгы үчүн айыптады.
Парламентке кайрылуусунда Буржанадзе шайлоо акыйкат өтүш үчүн аракеттенээрин айтып, акыркы окуялар өлкө үчүн жакшы сабак болду деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG