Молдованын коммунист президенти Владимир Воронин күтүүсүздөн эле Приднестровье чатагын жөндөө жөнүндөгү Россиянын сунушун четке какты.
Буга байланыштуу Россия президенти Владимир Путин шейшемби күнү Кишиневге келбей калды. Ал Молдова менен Приднестровьенин лидерлеринин чатакты жөндөө планына кол коюу салтанатына катышмак.
“План адегенде эл аралык колдоого ээ болсо, анан кол коюлат”, - деп билдирди Молдова президентинин кеңсеси.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму дүйшөмбү күнү планды жактоодон баш тарткан.
Путиндин жардамчысы Дмитрий Козак шейшемби күнү Кишиневде өткөн пресс-конференцияда Молдова жетекчилиги жетишилген макулдашуудан баш тартты деп билдирди:
- Тилекке каршы, өткөн түнү, документке ырасмий түрдө кол коюунун алдында, Молдова жетекчилиги мурда жетишилген келишимден баш тартты.
Козактын айтымында, болгон окуяны логикалык жактан түшүндүрүп болбойт.
Келишимге ылайык, Днестр бою Молдованын курамына кирип, молдова жана орус тилдери ырасмий тил болмок жана орус аскерлери региондо 2020-жылга чейин калмак.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу