Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

КМШ Грузиянын жаңы жетекчилигине жардамдашууга даяр


КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Грузиядагы саясый жана экономикалык кыйынчылыктар жөндөлүп, өлкөдө “бейкуттук жана демократия орнотулат” деген ишеничин билдиришти.
Билдирүү министрлердин шейшемби күнү Киевде өткөн жыйыныдан соң жасалды.
КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Юрий Яров министрлер кабыл алган кайрылуунун бул бөлүгүнө кабарчылардын көңүлүн буруп, окуп берди:

- Биз Грузиянын тагдырына кайдыгер эмеспиз жана Грузиянын жаңы жетекчилиги өлкөдөгү бардык күчтөр менен чогуу саясый жараяндарды конституциялык нукка салат, мамлекеттик бийлик органдарын ыраааттуу иштөөсүн камсыздап, тынчтыкты сактоо үчүн бар аракетин жасайт деген үмүттөбүз. Биз Грузиянын жаңы жетекчилигине тийиштүү жардамды берүүгө даярбыз.

АКШ келерки жумада Тбилисиге өз адистерин жиберет. Алар грузин жетекчилигине президенттик шайлоону жакшы деңгээлде уюштурууга жардамдашат.
Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучердин маалымдашынча, америкалык адистер Грузияга өздөрү менен кошо 3 миллион долларга дары-дармек жана медицияналык жабдууларды алып барышат.
Грузияда президенттик шайлоо 4-январда өтөт.
Грузиянын президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе айым шейшемби күнү өлкөдөгү чукул кырдаал абалын токтотту.
Мурдакы президент Шеварднадзе чукул кырдаал абалын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициянын тарапкерлери ишемби күнү парламентти басып алгандан кийин киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG