СОФИЯ. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Болгарияга жасаган үч күндүк визитин өлкөнүн Кара Деңиздеги Бургас порттук шаарында аяктады. Кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккан президент Каримов бул шаарда Өзбекстандын консулдугун ачуунун зарылчылыгын белгиледи. Кечээ эки өлкө консулдук мекемелер жөнүндөгү келишимге кол койушту. Кабар агенттиктеринин айтымында, өзбек президенти бул шаарда өзүнүн резиденциясын ачуу ниети жөнүндө сөз кылган. Каримов резиденция ачуу бул шаарга туристтердин, анын катарында, өзбекстандык туристтердин келишине өбөлгө түзөт, - деген. Дүйшөмбү күнү президент Каримов Болгариянын президенти Георгий Парванов менен жолугушуп, бир нече орток келишимдерге кол койду.