Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Түндүк Ирландияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


ЛОНДОН. Бүгүн Түндүк Ирландияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо чөлкөмдө жаңы өкмөттү түзгөнгө мүмкүндүк берет. Добуш берүү 1998-жылы АКШнын ортомчулугу артында британ жетекчилиги менен Түндүк Ирландиянын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Мындан беш жыл мурда жүргөн сүйлөшүүлөр чөлкөмдөгү протесттанттар менен католиктердин 30 жылдан берки араздашуусун токтотуп, региондо тынчтыкты орнотуу максатын көздөгөн болчу. 2002-жылы протестанттар менен католиктердин ортосундагы араздашуу күчөп турган маалда региондун өкмөтү кызматтан кетип, убактылуу ассамблея таркатылып, Түндүк Ирландияда Лондондун түз башкаруусу киргизилген болчу. Бүгүнкү добуш берүүнү кошумча тартылган полиция бөлүктөрү күзөтүүдө. 30 жылдан берки сектанттык араздашуудан улам 3 жарым миңден ашык киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG