Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Эл Аралык Валюта Кору Грузин өкмөтүнө жардам берет


ТБИЛИСИ. Эл Аралык Валюта Корунун өкүлү финансылык жактан өтө муктаж болуп турган Грузияга кор колунан келген жардамын бере турганын билдирди. Бул билдирүүнү Жонатан Данн бүгүн Тбилисиде өлкөнүн президентинин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанадзе менен сүйлөшкөн соң жасады. Андан мурдараак болсо кор өлкөгө насыя акча бербей тургандыгын билдирген эле. Кечээ Буржанадзе өлкө экономикалык апааттын жарына такалганын белгилеп, батыш өлкөлөрүнөн жардам сураган. Кечээ кечинде Грузиянын экс-президенти Шеварднадзенин өкмөтүндө иштеген үчүнчү жооптуу кызматкер, өлкөнүн финансы министри кызматтан кетти.

XS
SM
MD
LG