Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Кайыңды кант заводуна дыйкандар нааразы болуп жатышат


ЧҮЙ. Мындан бир нече ай мурун, жазында, дыйкандар менен ушул заводдун ортосунда кызылчанын тоннасын 1300 сомдон кабыл алуу туурасында келишим түзүлгөн эле. Бирок завод күзүндө кызылчасын казып алып келген дыйкандарга «800 сомдон алабыз» деп, келишимди четке каккан. Жайыл районунун акимчилиги Кайыңды кант заводунун дирекциясына нааразылыгын билдирип, элдин талабын жактагандан кийин дыйкандар кызылчасын жогоруда айтылган баа менен заводго өткөрө башташкан. Бирок бул келишим да көпкө узаган жок. Кемин, Москва, Жайыл райондорунан тапшырылган кант кызылчасы, мисалы, 100 миң тонна болсо, 3 миң тоннадан жетпей калган. Учурда кайрадан комиссия түзүлүп, Жайыл районунун айыл өкмөттөрү баш болуп заводдо текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG