БИШКЕК. Бул күндөрү президенттик администрациянын башчысынын орун басары Темирбек Акматалиев жетектеген расмий делегация Кытайда жүрөт. Курамына тышкы иштер, айыл чарба министрлеринин орун басарлары кирген кыргыз делегациясы Кытайдын экономикалык жана саясий абалы менен таанышып, бир катар расмий жетекчилер менен жолугушат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.