Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Президент ЕККУнун өкүлүн кабыл алды


БИШКЕК. Президенттин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, кечээ президент Аскар Акаев Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборунун жаңы башчысы Маркус Мюллерди кабыл алды. Жолугушууда президент А. Акаев ЕККУ азыр Кыргызстанда маанилүү долбоорлорду турмушка ашырып жатканын белгилеген. Ал Маркус Мюллерге ЕККУнун академиясы, ички иштер министрлигине жардам көрсөтүү сыңары долбоорлор кызматташтыктын үлгүсү экенин, Кыргызстандын тышкы саясатында ЕККУ менен кызматташуу маанилүү багыттардын бири экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG