Кечээ күнү Польшанын бир нече шаарында митинг-демонстрациялар болуп өттү. Люблин шаарында эки миңдей адам, борбор калаа Варшава шаарында бир жарым миң киши, дагы алты шаардын тургундары өкмөттүн экономикалык реформаларына өз каршылыгын билдирди. Эки жүзгө жакын темир жолчу болсо Гдыня шаарындагы темир жолду бууп салды. Өкмөт реформаларды эмдиги жылы Европа Биримдигине кошулуу үчүн жасоого мажбур.