Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кечээ күнү Грузияга жардам көрсөтөөрү тууралуу билдирди. 4-январда өтө турган кезексиз президенттик шайлоону өткөрүүгө уюм 6 миллион доллар чогултуп берет. Грузия оппозициясы тарабынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Михаил Саакашвилинин айтымында, жаңы жетекчиликтин эң биринчи максаты - өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ал өзү жакында Маскөөгө барат: "Мен ойлойм, менин эң биринчи сапарым, мүмкүн, ал шайлоого чейин болот, Маскөөгө жасалууга тийиш. Биз өз-ара байланыштарыбызды талкуулашыбыз керек. Биздин улуу түндүк кошунабыз менен бардык маселелерди чечип, достук жана жылуу мамилелерди калыбына келтирүү биз үчүн өтө маанилүү". Тбилисидеги окуяларды Ажариянын жетекчилиги "мамлекеттик төңкөрүш" деп атады.