Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:03

Соода контейнерлеринде кассалык аппараттар январдан баштап орнотула баштайт


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин 20-ноябрда чыгарган токтомуна ылайык 1-январдан баштап соода контейнерлеринде кассалык эсептөө аппараттары пайдаланыла баштайт. Мындан тышкары, стационардык соода түйүндөрүндө бул боюнча жайында башталган иштер соңуна чыгарылат. Кыргыз өкмөтүндө өткөн бүгүнкү маалымат жыйынында ушундай маалымат айтылды. Финансы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун айтымында, Финансы министрлиги контейнердик соода жайларын кассалык-эсептөө аппараттарына өткөрүүнүн тартибинин долбоорун өкмөткө тапшырды. Бирок ишкерлер менен өкмөт бул маселе боюнча бир пикирге дагы эле келише элек. Контейнерлерге акча саноонун кассалык тартибин киргизүү боюнча августта өкмөттүн көтөргөн демилгесине ишкерлер нааразылык билдиришкен. Анын негизинде макулдашуу комиссиясы түзүлгөн болчу. Комиссия маселени үч сыйра жолугушуп, талкуулаган.

XS
SM
MD
LG