Улуу аятолла Али ас-Систани АКШнын Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү караган планын сынга алган эле. Анын пикиринде, планда ислам дининин коомдогу ролуна жана ирактыктардын өлкөнүн келечегин аныктоодогу ордуна жетиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Башкаруу кеңешинин азыркы жетекчиси Жалал Талабани бүгүнкү жолугушуудан соң билдиргендей, аятолла ас-Систани өлкөдө саясий жана административдик институттардын баары үчүн шайлоо өтүшү керек деп эсептейт:
- Улуу урматтуу аятолла ас–Систани - көз карашы кеңири адам. Ал Ирактагы бүгүнкү кырдаалды түшүнөт. Биз мурда жасагандай эле эми да анын ой-пикирлерин Башкаруу кеңешинде айтып, колдойбуз. Аятолла өлкөнүн туруктуу Конституциясын жалпы эл тарабынан шайланган адамдар жазышы керектигин белгиледи.
АКШ Ирактын Башкаруу кеңеши менен макулдашкан планга ылайык, келерки жылдын июнь айына карата бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилиши керек.