Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Багдадга күтүүсүздөн келип кетти


Маалыматтарга караганда, президент Жорж Буш Багдаддын эл аралык аба бекетинде уюштурулган сый тамакта бул жердеги америкалык аскерлер менен жолугушуп, аларды бүгүн АКШда майрамдалып жаткан Алкыш айтуу күнү менен куттуктады. АКШ президентинин Иракка бараары жөнүндө акыркы сааттарга чейин эч нерсе маалым болгон эмес. Ал турсун Ак үй президент Ж.Буш Алкыш айтуу күнүн Техастагы үйүндө үй-бүлөсү менен чогуу тосот деп жарыялаган болчу. Бул - АКШ президентинин Иракка алгачкы ирээт келиши.

XS
SM
MD
LG