Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

СПИД ЧЫГЫШ ЕВРОПА МЕНЕН БОРБОР АЗИЯНЫ КАПТООДО


Шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД менен күрөшүү программасы жаңы отчетун жарыялады. Анда Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын бүтүндөй жаңы мууну 20-кылымдын чумасы деген атка конгон илдеттин коркунучу алдында экени айтылат.

Чыгыш Европа менен Борбор Азияда бир жарым миллиондой киши СПИДге же ВИЧ инфекциясына чалдыккан. БУУ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Дүйнөлүк банк биргелешип даярдаган отчетто региондо дарттын кеңири тарап баратышы санаркоо менен белгиленет.

Өзгөчө жабыркаган өлкөлөр арасында Орусия, Украина, Латвия жана Эстония аталат. Казакстан менен Өзбекстандагы абал да эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун туудурат.

Батыш өлкөлөрүндө СПИД негизинен орто жаштагы кишилер арасында жыныстык жол аркылуу тараса, Чыгыш Европа менен Борбор Азияда ооругандардын көпчүлүгүн ийне менен сайынган жаш баңгичилер түзөт. Маселен, Украинада ВИЧ инфекциясы бар деп аныкталган кишилердин дээрлик 25 пайызы - 20 жашка чыга элек улан-кыздар. Беларуста болсо оорулуулардын 60 пайызы - 15 менен 24 жаш аралыгындагылар. Казакстан менен Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын 70 пайызынан ашууну - 30га чыга электер.

СПИДге каршы күрөшүү программасынын кызматкери Ирина Савчанко жагдайды мындай деп комментариялайт:

- Айрым чөлкөмдөрдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын 90 пайызынан көбүн маң заттарын сайынган наркомандар түзөт. Бирок акыркы бир нече жылдын ичинде инфекцияны жыныстык жол менен жугузуп алуу учурлары да көбөйдү.

Тактап айтканда, өткөн жылдын ичинде эле СПИДди жыныстык жол менен жуктуруп алгандардын саны 12 пайыздан 17ге өстү.
Дагы бир өзгөчөлүк, - деп улантат эксперт, - мурун дартка тушуккандар көбүнчө жаш жигиттер болсо, эми кыз-келиндердин да саны жогорулап баратат дешке негиз бар:

- Эпидемиянын башында оорулуу аялдар жалпы сандын 25 пайызын түзчү. Эми болсо бул көрсөткүч 30 пайыздан ашып кетти. Демек, биринчиден, кыз-келиндер маң заттарын көбүрөөк сайына баштады, экинчиден, ВИЧ инфекциясына чалдыккан баңгичилер менен жыныстык катнашта болгон аялдар да көбөйдү.

Эксперттердин көпчүлүгү өкмөттөрдүн СПИДге каршы чара көрүү керектигин бир добуштан баса белгилешет. Өзгөчө инфекциянын тарашын алдын алуу аракеттери өтө натыйжалуу болоор эле дешет алар. Сентябр айында украин президенти Леонид Кучма БУУнун башкы ассамблеясынын трибунасынан анын өкмөтү бул жаатта кандай иш-чара көрүп жаткандыгы жөнүндө айтып берген эле:

- Жакында Украинада ВИЧти алдын алуу боюнча улуттук долбоор иштей баштады. Анын ишке ашырылышы илдет менен күрөшүү жаатында, өзгөчө ВИЧтин энеден балага жугуу учурларын кыскартууда олуттуу прогресске алып келди.

БУУнун өкүлү Ирина Савчанко башка жетекчилер да Украинадан үлгү алып, бул маселеге кош мамиле жасабай, конкреттүү жана радикалдуу чара көрө башташы керек дейт.

Соңку отчетто Борбор Азиядагы кырдаалды жакшыртууга жакшы шанс бар экени белгиленет. Анткени СПИДдин көбөйүшү аймакта акыркы бир нече жылдын ичинде эле байкала баштады. Демек, өз убагында көрүлгөн чаралар дарттын тарашына бөгөт койо алат, - деген бүтүмгө келишет эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG